Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА ИШИ – кылмыш белгилери табылган учурларда мыйзамда белгиленген тартипте козголгон иш. Тергөө органдарынын материалдары же К.-ж. и-нин материалдарын сотко чейин даярдоонун протоколдук таризи боюнча сот тарабынан каралат жана чечилет. К.-ж. и-н козгоо себеби: а) жарандын арызы менен каты; б) коомдук уюмдардын билдирүүсү; в) уюмдардын, кызмат адамдарынын билдирүүсү; г) басмасөздө жарыяланган макалалар, кабарлар, каттар; д) күнөөсүн моюндап келүү; е) кылмыш белгилеринин түздөнтүз алгачкы текшерүү органдары, тергөөчүлөр, прокурорлор же соттор тарабынан табылуусу. Кылмыш белгилерин көрсөтүүчү маалыматтар жетиштүү болгон учурда гана кылмыш иши козголушу мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЛМЫШ-ЖАЗА ИШИН КОЗГОО – кылмыш-жаза процессинин башталышы, анда прокурор же тергөөчү жасалган же даярдалып жаткан кылмыш тууралуу алынган маалыматтарды карап чыгып, ишти өндүрүшкө берүү боюнча негиз бар же жок экенин аныктайт. Бул аракеттер К. и. к. же андан баш тартуу, арызды (билдирүүнү) андан ары тийиштүүлүгүнө жараша өткөрүп берүү, же алынган материалдар боюнча административдик же дисциплинардык тартипте чечүүгө жөнөтүү менен аяктайт.